КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДУБАЙ ЖАНА ТYНДYК ЭМИРАТТАРЫНДАГЫ БАШКЫ КОНСУЛДУГУ
 
КЫРГЫЗСТАН - БАЭ
КР Премьер-министри Сапар Исаков жана Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани кызматташуу тууралуу макулдашты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Дубайдын Инвестициялык корпорациясынын (Investment Corporation of Dubai) аткаруучу директору Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле финансы, кыймылсыз мүлк, өнөр жай, энергетика жана транспорттук коммуникация тармагындагы айрым долбоорлорду талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Дубайдын Инвестициялык корпорациясы тарабынан жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашуусу орун алды, аталган корпорация өкүлдөрү өлкөгө рынокту жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө жана потенциалдуу долбоорлор менен дыкаат таанышуу жана өнөктөштөр менен жолугушуу иретинде келишмекчи.

ICD корпорациясы бизнес-сегменттин кеңири чөйрөсүнө инвестициялайт: корпорациянын финансылык секторуна Дубайдын Улуттук Банкы, Дубайдын Ислам банкы кирет, ошондой эле корпорация Nasdaq Dubai, Borse Dubai акцияларынын маанилүү бөлүгүнө ээ; ICD компаниясынын транспорттук сектордогу инвестициясы өзүнө үч компаниянын камтыйт, алар Emirates авиалиниялары, dnata авиа кызмат провайдери, Дубай аэрокосмикалык ишканасы жана Fly Dubai менен биргеликте иш алып барышат.

Ошондой эле корпорация энергетика, өнөр жай жана кыймылсыз мүлк тармагына инвестициялайт.
Премьер-министр Сапар Исаков: «Кыргызстандын Өкмөтү жана ИӨБ тыгыз кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр»

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджар менен жолукту.

Өкмөт башчы Кыргызстан ИӨБ менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи жана өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 10-15 жылга белгиленген узак мөөнөттү кызматташтык долбоорго кол коюу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле ИӨБ тарабынан иш-чаралар планын даярдаган эки тараптын эксперттеринин деңгээлинде «Таза Коом» программасынын алкагында өлкөнүн санариптик трансформацияланышына методологиялык жана финансылык көмөк көрсөтүү боюнча макулдашуу болду.

Премьер-министр бул максаттарды ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын вице-премьер-министри башында турган жумушчу топ жөнөтүлөөрүн белгиледи.

Өкмөт башчы өлкөнүн айылдарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурду. Сапар Исаков бул долбоорлор Өкмөттүн кыска мөөнөттү жана орто мөөнөттү келечегинде артыкчылыктуу маселелеринин бири болуп саналат деп белгиледи.
Андан тышкары ал өлкөнү өнүктүрүү үчүн андан кем эмес маанилүү делген саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду белгилеп кетти.

Жолугушунун жыйынтыгында Өкмөт башчы Сапар Исаков ИӨБнын президенти Бандар М.Х. Аль-Хаджарды 2018-жылы сентябрда Ысык-Көл жээгинде өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды
Премьер-министр Сапар Исаков БАЭнын Өкмөт жетекчиси, Дубайдын башкаруучусу менен эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында БАЭ Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын жана эл аралык санариптик күн тартиптин актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү жана ар-кыл тармактарга алдыңкы санариптик технологияларды киргизүү боюнча чоң иш жүрүүдө. Анын айтымында, буга байланыштуу кыргыз тарапка БАЭ аталган маселедеги тажрыйбасы өзгөчө кызыгууну жаратат.

Дубайдын башкаруучусу Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууда тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди. Анын айтымында, заманбап шарттарда ар бир мамлекет санариптик чакырыктарга даяр болуусу керек.

Тараптар талкууланган маселелерди эксперттик деңгээлде дыкаат түрдө иштеп чыгууну макулдашты
Премьер-министр Сапар Исаков ЭВФ тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков жана Кристин Лагард  Кыргыз Республикасы жана Эл аралык валюталык фонддун ортосундагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, экономикалык абалды жана учурда өлкөдө ишке ашырылып жаткан реформалардын жүрүшүн талкуулады.

Эл аралык валюталык фонддун тескөөчү-директору Кристин Лагард белгилегендей, Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун 20 жылдык тарыхында көптөгөн биргелешкен маанилүү долбоорлор ишке ашырылган жана Эл аралык валюталык фонддун атынан финансылык институт өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга жана диалог жүргүзүүгө даяр.
Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитинин ишине катышуу алкагында Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль-Сувейди менен жолукту.

Жолугушууну ачып жатып, Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасы Абу Даби өнүктүрүү фонду менен учурдагы кызматташтыкты арттырууну сунуштады.

«Фонд менен Араб Кординациялык Топтун алкагында өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбабыз бар. Аны менен катар, биз Кыргыз Республикасы жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштайбыз. Бугүн Фонддун кароосунда «Балыкчы - Каракол - Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоорунун 104-220 км аралыктагы тилкеси турат. Суроонун орчундуулугун эске алып, биз долбоорду деталдуу талкулоого даярбыз. Бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл көлүнүн тегерегиндеги транпорттук инфраструктураны жакшыртууга олуттуу салым кошот жана автоунаа транспорттордун кыймылы учурунда тургундарга жана өлкөнүн коноктору үчүн ыңгайлуу жана коопсуздук шарттарды түзөт», - деди Өкмөт башчы

Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башчысы Мухаммад Саиф Аль-Сувейди Бириккен Араб Эмираттары жана Кыргыз Республикасынын ортосунда достук жана конструктивдүү мамилелер калыптанганын белгиледи.

«Аны эске алуу менен Абу-Даби өнүктүрүү фонду «Балыкчы - Каракол - Балыкчы автожолун реконструкциялоо» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын билдирмеси менен артыкчылыктуу иретте таанышып чыгат», - маалымдады ал.

Аны менен катар жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, транспорт, саламаттык сактоо тармактарындагы кызматташуунун мүмкүнчүктөрү тууралуу талкуулашты. Тактап айтканда Абу-Даби өнүктүрүү фондунун Бишкектин 4 шаардык ооруканасын реконструкциялоого жардам көрсөтүүсү тууралуу сөз болгон.

Маалымат иретинде: Абу-Даби өнүктүрүү фонду 1971 -жылы Абу-Дабинин (БАЭ) өкмөтү тарабынан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө өнүктүрүү долбоорлорун каржылоосуна насыя берүү, ошондой эле ал өлкөлөрдөгү долбоорлорго узак мөөнөттүк инвестицияларды салуу жолу менен жардам берүүгө негизделген уюм.

2015-2016 жж. Фонд Оман, Кирибати, Палау, Маршалл араладпры жана башка өлкөлөргө күн жана шамал электр станцияларын, сууну тазалоо боюнча ишканаларды курууга жардам берген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
Премьер-министр Сапар Исаков Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен эки тараптуу ишкерлик байланыштарды чыңдоо чараларын талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ар кыл тармактагы эки тараптуу өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчы эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрү ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи. Премьер-министр билдиргендей, аталган чара эки тараптуу жалпы экономикалык байланыштарга оңдуу таасирин берет, ал бүгүнкү күндө дээрлик жогорку деңгээлде турат.

Сапар Исаков белгилегендей, өлкөдө инвесторлор жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өз-ара мамилелери жаатындагы мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин жакшыртуу боюнча тийиштүү иштер аткарылууда.

Фуджейра эмиратынын мураскер канзаадасы Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки маалымдагандай, акыркы жылдары Кыргызстанда бир катар оңдуу өзгөрүүлөр байкалууда, анын айтымында, бул Өкмөттүн чет элдик инвестицияларды тартуу жана натыйжалуу башкаруу боюнча активдүү ишинин күбөсү болот. Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки Кыргызстан БАЭ менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстандын жана Фуджейра эмиратынын ишкерлери өз-ара пайдалуу келишимдерди түзө баштады, бул келечекте эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мыкты пайдубалы болуп калат.

Премьер-министр Сапар Исаков Фуджейра эмиратынын канзаадасын Кыргызстанга сапар менен келип, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып кетүүгө чакырды, ошондой эле биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мүмкүндүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки аталган иш-чараны өткөрүүгө жана анын деталдарын жумушчу топтор деңгээлинде иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаков Абу-Дабинин канзаадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү келечегин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында, Дубай шаарында Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана чаралары талкууланды. Тактап айтканда, тараптар өлкөнүн ички рыногуна инвестицияларды тартуу, ошондой эле өз-ара авиакаттамдарды жакшыртуу маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчы кыргыз тарапка жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өлкөнүн ар кыл тармагына алдыңкы санариптик технологияларды кийрүү боюнча БАЭ тажрыйбасы кызыгууну туудураарын белгиледи.

Буга байланыштуу Премьер-министр аталган тармакта тажрыйба алмашуу жана атамекендик экономикага инвестициялардын көлөмүн жогорулатуу боюнча ишти активдештирүүнүн маанилүүлүгүн билдирди.

Абу-Дабинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян чет элдик инвесторлорду ички рынокко тартуу үчүн капиталдын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле байланыш тутумун жана транспорттук каттамды жакшыртуу зарылдыгын билдирди.

Ал Бириккен Араб Эмираты жолугушууда талкууланган маселелерди алга жылдырууда Кыргызстанга ар тараптан көмөктөшүүгө даярдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Сапар Исаков Мухаммед бин Заед Аль Нахаянды 2018-жылдын сентябрь айында өтүүчү Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна ардактуу конок катары катышууга чакырды.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тыкыр чараларды иштеп чыгуу максатында бир жыл аралыгындагы өз ара сапарлар тууралуу макулдашты
Премьер-министр Сапар Исаков Дубайдагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында панелдик сессияда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Дубай шаарындагы (Бириккен Араб Эмираты) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында «Жиреп чыгуу» - чакырыктар жана мүмкүндүктөр» панелдик сессиясында сөз сүйлөдү.

Өкмөт башчы белгилегендей, жаңы технологиялар ар бир мамлекеттин жана жалпы дүйнөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы жана пайда болуучу көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Анын айтымында, аларга энергия, азык-түлүк, ичүүчү таза суу менен жана социалдык тейлөөлөргө, билимге, маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыздоо, жаратылыш ресурстарынын жетишсиздиги, айлана-чөйрөнү коргоо жана калыбына келтирүү ж.б. маселелер кирет.

«Технологиялар адам мүмкүндүгүн күчтөндүрөт, ошол эле маалда ага технологияларды туура пайдалануу үчүн моралдык-этикалык жоопкерчиликти жүктөйт. Биз заманбап шарттарда улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсү алдыңкы технологияларсыз мүмкүн эместигин түшүнөбүз. Ошондуктан Кыргызстандын Өкмөтү демилгени өз колуна алып, ресурстарды мобилизациялоо менен мамлекеттик башкарууга заманбап электрондук технологияларды киргизүү багытын алууда, бул максатта «Таза-Коом» өлкөнү санариптик трансформациялоо программасы кабыл алынган», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, чектелген каражаттарга ээ болуу менен жарандардын үмүтүн канагаттандыруу үчүн өкмөттөр стратегиялык потенциалды, күчтүү институттарды жана натыйжалуу инструменттерди жана процесстерди түзүүгө таянган мамлекеттик башкарууга карата жаңы мамиле кылуусу зарыл.

«Технологияларды пайдалануу аталган максаттарга жетишүү процессин кескин тездетүүгө мүмкүндүк берет. Технологиялар мамлекеттик тейлөөгө жеткиликтүүлүктү камсыздоону жогорулатууга, аталган тейлөөгө карата административдик наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле тейлөөлөрдү алуу убактысын азайтууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде өкмөттүн жашоо шартты жакшыртуу жөндөмдүүлүгүнө карата калктын ишенимин бекемдейт. Кыргызстанда «Таза Коом» программасы административдик процесстерди жана процедураларды автоматташтыруу жана санариптик мамлекеттик тейлөө көрсөтүү аркылуу адам таасирин минималдаштыруу жолу аркылуу мамлекеттик сектордогу коррупцияны жоюу үчүн натыйжалуу аспап болуп саналат», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн бүгүнкү күндө «Таза Коом» программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылган.

«Мындан тышкары, мамлекеттик саясаттын күч-аракетин калктын сапаттуу бөлүгүнө топтоштуруу коомдун материалдык бакубаттуулугунун жана мамлекетти келечекте өнүктүрүү үчүн идеялардын пайда болуусу үчүн мүмкүндүктөрдүн жогорулашына алып келет. Белгилей кетсек, келечекте автоматташтырыла турган иште алектенген ири шаарлардагы эмгекчилердин көпчүлүк бөлүгү кыскартууга туш келет, бул технологиялык революция үчүн табигый нерсе болуп саналат. Бирок ишкердүүлүктүн түрү жоголгон кезде, аларды модернизациялоонун негизинде жаңы иш орду пайда болот жана дүйнөлүк трендди эске алуу менен, өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу үчүн өлкөгө убакыт керектелет», - деди Сапар Исаков.

Премьер-министрдин айтымында, өкмөттөрдүн негизги милдети катары болуп жатан окуялардын масштабдуулугун объективдүү баалоо, аялуу адистиктерди аныктоо жана эмгек рыногу муктаж эмес адистерди кайрадан даярдоо болуп саналат.

«Санариптик коомдун маанилүү аспектилеринин бири тийиштүү ыкмаларга жана билимге ээ болуу саналат. Буга байланыштуу заманбап эмгек рыногунда атаандаштыкка ээ адистерди даярдоо максатында компетенциялуу борборлорду уюштурууну пландаштыруудабыз. Бул Кыргызстан үчүн чоң чакырык болуп саналат. Санариптик трансформация аны менен алектенген адистерден гана жогорку компетенттүүлүктү талап кылбастан, катардагы жарандардан да талап кылат. Мында дүйнө өлкөлөрү ортосундагы билим жана тажрыйба алмашуу абдан маанилүү», - деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр Сапар Исаков «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору Хамис Бу Харун менен жолукту.

Жолугушууда тараптар өз ара кызматташуунун алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвесторлордун ишин жөнгө салган мыйзамдары тууралуу айтып берди.

Банктын директору Хамис Бу Харун эки өлкө ортосунунда эки тараптык мамилелердин өнүгүшүндө жагымдуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле, ал эки өлкөнүн ортосундагы товар айлануусун жакшыртуу үчүн Банк өзүнүн салымын кошууга даяр экенин белгиледи.

Андан тышкары Премьер-министр жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» башкы директору кызматташуунун приоритеттүү багыттарын талкуулашты. Тактап айтканда, айыл чарбага, туризм жана кыймылсыз мүлктү инвестициялоо тууралуу маселелерди карашты. Ошондой эле, тараптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана «Abu-Dhabi Islamic Bank» ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Премьер-министр Банктын өкүлдөрүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө үчүн Кыргызстанга чакырды.

Банктын башкы директору Кыргызстанга инвестициялоонун мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууга даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле, Кыргыз Республикасына келип кетүүгө жана абалды изилдеп, ага катар маморгандар жана жергиликтүү компаниялар, кызыктар тараптар үчүн санариптик көндүмдөр боюнча кеңештерди берүүгө даяр экенин билдирди.
Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Дубай шаарындагы (БАЭ) Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында «Emaar Properties» компаниясынын башчысы, ири компаниянын негиздөөчүсү, Дубайдагы эң бийик имарат «Бурж Халифанын» куруучусу Мохамед Али Алаббар менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сапар Исаков Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун күчөтүү, жеке менчикти коргоо жана инвесторлор үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу боюнча жигердүү чаралар жүрүп жатканын белгиледи.

«Менин Премьер-министрдик кызматымдагы алгачкы чечимдеримдин бири инвестицияларды тартууга жооптуу органдын макамын жогорулатуу болду. Эми Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо боюнча агенттик түздөн-түз Премьер-министрге баш ийген обочологон орган болуп саналат жана инвесторлордун көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биз өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырган бир катар мыйзамдарды кабыл алдык», - деди Өкмөт башчы

Анын айтымында, Өкмөт азыркы тапта 2018-2023 жылдар аралыгындагы  орто мөөнөттү «Жаңы доорго 40 кадам» программасын ишке ашырууда, андагы эки негизги багыты бизнести өнүктүрүүгө байланыштуу. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруда бизнес менен мамлекет ортосундагы мамилелерди санариптештирүү жолу менен бюрократиялык тоскоолдуктарды кыскарткан «Таза Коом» улуттук программасы, экинчи «Биз - бизнес менен» багытында инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулган.

Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысына өлкөнүн туризм тармагына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушун берди.

«Кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө өзүнчө чоң багыт катары Кыргызстандагы туризм тармагын эсептесек болот. Бизде 45 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизилген. Жаратылыш, тоолор, көлдөр ар мезгилдик мейманканалар бизнесин жана башка туристтик кызматтар түрүн  өңүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратат», - деп белгиледи Сапар Исаков.

«Emaar Properties» компаниясынын төрагасы Мохамед Али Алаббар өз кезегинде Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөр, бийликтин алмашуу процесси жүрүп, экономиканын өнүгүшү, бизнестин колдоого алынгандыгы байкалып жаткандыгын белгиледи.

«Кыргызстандын абдан тез өнүгүшүнө мен ишенем, анткени, сиздерде жакшы лидерлер жана аябай эмгекчил жарандарыңар бар», - деди Мохамед Али Алаббар.

Жолугушуунун жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков Мохамед Али Алаббарды ушул жылдын сентябрында өтө турган  III Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын ачылыш аземине ардактуу конок катары чакырды.

«Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар кызматташууга кызыктар экенин билдирип, жана жакын арада Кыргызстанга келип кетээрин белгиледи.

Маалымат иретинде: «Emaar Properties» -БАЭде 1997-жылы негизделген. Компаниянын негизги ишмердүүлүгүнүн багыты Персид булуңунун аймагындагы курулуш долбоорлорун инвестициялоо болуп саналат, айрыкча Дубай жана Абу-Даби шаарларында. «Emaar Properties» компаниясында түрдүү курулуш долбоорлорго ээлик кылган 60 ашык туунду компаниялары бар. Дубай шаарында аталган компания 14 000 миңден ашык имаратка ээлик кылат.
Премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышуу үчүн БАЭге учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу үчүн жумушчу сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кетти.

Жумушчу сапарынын алкагында Өкмөт башчы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, анын ичинде эмираттын мураскер ханзаадасы  Эль-Фуджейра Е.В.Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки, Өнүктүрүү фондунун башкы директору Абу-Даби Мухаммад Саиф Аль-Сувейди жана «Investment Corporation of Dubai» аткаруучу директору  Мухаммед Аль Шайбани менен жолугушуулары бар.

Андан тышкары, Премьер-министр Сапар Исаков «Emaar Properties» компаниясынын башчысы Мохамед Али Алаббар, Дубай эмиратынын полициясынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халиф Аль Марри, «VPS Health Care» компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил, «Air Arabia» авиакомпаниясынын башкы директору  Адель Аблулла Али, Дубай эмиратынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Мажид Саиф Аль Гурейр менен сүйлөшүлөөрдү жүргүзөт.

Саммиттин алкагында Премьер-министр жергиликтүү полициянын ишмердүүлүгү, эмираттын укук коргоо органдары колдонгон алдыңкы технологиялары жана полициялык участканын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ага катар, Сапар Исаков «Жардыруу» - чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» аттуу панелдик дискуссиянын ишине катышат жана БАЭнин вице-президенти, премьер-министри, Дубай эмиратынын эмири Е.В. Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун катышуусунда параллелдик сессиясына катышат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү
© 2017 Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун расмий сайты. Бардык укуктар корголгон 2018