КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДУБАЙ ЖАНА ТYНДYК ЭМИРАТТАРЫНДАГЫ БАШКЫ КОНСУЛДУГУ
 
                     Туристтик мүмкүнчүлүктөрү
Кыргызстан - туризмди жана эс алууну эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн табигый, тарыхый жана маданий жактан өтө чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ал жөнүндө чет өлкөлүк эксперттер мындай дейт: «…табигый жана маданий белгилери кереметтүү айкалышкан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жер жүзүндө саналуу. Мындан дүйнөдөгү тоолуу жерлердин ичинен эң ажайып кооздукту көрүүгө болот».

Кыргызстан - бийик тоолуу өлкө. Аймагынын 90 % ашуусу деңиз деңгелинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан. Гималай менен Памирден кийинки дүйнөдөгү эң бийик тоо чокулары Кыргызстанда. Алар Жеңиш чокусу (бийиктиги 7439 м.), Ленин чокусу (7134 м.), Хан Теңир чокусу (6995 м.) ж. б. чокулар. Дүйнөдөгү ири тоо мөңгүлөрүнө кирген Эңилчек (Түштүк Эңилчек) мөңгүсү бар.

Улуу жымжырттыкта мемиреген кар-мөңгүлүү залкар тоо тилкесинен көк шиберлүү алп, субалп, карагай, арча, жаңгак-мөмө-жемиштүү токойлуу, шалбаалуу талаадан чөлдөргө чейинки ландшафттар кездешет. Алардын ичинде бийик тоолордун арасында жайгашкан Суусамыр өрөөнүндөгү боз үйлөр тигилген көк шиберлүү жайлоолор, кымыз жыттуу үйүр-үйүр жылкы, асыл тукум кой жайылган жайыттары, айланасы ажайып кооз, балыкка бай тоо көлдөрү туристтерди, эс алуучуларды дайыма өзүнө тартат. Кыргыз жергесинде эки миңден ашуун тоо көлү, а. и. жайында салкын, кышында жылуу, тоңбогон Ысык -Көл бар. Сууга түшүү маалы кээде ноябрь айына чейин созулат; Суунун температурасы жайында 24°Сге, кышында 4°Сге чейин жылуу. Ысык -Көл алтын кумдуу пляждары, минералдуу булактар кошулган суусу тунук, тоо-деңиз климаты айкалышкан, дары баткактуу, терм-минералдуу суулары бар эң сонун курорттуу чөлкөм.

Кыргызстан Улуу Жибек Жолуна байланыштуу дагы туристтерди өзүнө тартат. Бул жер аркылуу байыркы кербен жолунун үч бутагы - Теңиртоо менен Памирдин бийик дабандарын ашкан - Памир-Алай, түштүк жана түндүк бутактары өткөн. Кыргызстандын аймагы эзелтеден эле өнүккөн борбордук Азиялык чөлкөмгө кирип, эл аралык соода катнашынын жолундагы негизги өткөөл база болуп калган. Улуу Жибек Жолунун чыгыш менен батыштын маданиятын эриш-аркак айкалыштырганын кыргыз элинин каада, салт-санааларынан, материалдык маданиятынан көрүүгө болот. Байыркы тарыхый жана маданий борбор жана Улуу Жибек Жолундагы кербендер токтоп өргүүчү жер болгон, Ош шаары буга мисал.

Кыргызстандагы туризмдин негизги түрлөрү
Тоо лыжа спорту
Экотуризм
Атчан туризми
Альпинизм
Треккинг
Рафтинг
Курорттук-ден соолукту чыңдоо туризми

Кызыктуу далилдер
1. Туризм өлкөнүн ИДП 10% түзөт.
2. Жашаган элдин саны 5,8 млн., өлкөгө жылына 3 млн. ашык чет өлкөлүк туристтер кирип чыгышууда.
3. Кыргызстан визасыз режиминде 65 өлкөгө эшигин ачкан.
4. Ысык - Көл дүйнөдөгү экинчи орундагы тоолуу көл.
5. Түбөлүктүү мөңгү, ак кар баскан чокулар Кыргызстандын территориясынын 4% түзүп, ал 8 чарчы чакырымга созулат. Бул Кавказ жана Алп тоолорундагы мөңгүлөрдү кошкондон дагы бир кыйла көбүрөөк.
6. Globe Spots көз карандысыз саякатчылардын эл аралык тобунун рейтингинде Кыргыз Республикасы 2013 жылы, сөзсүз түрдө келүүгө кирген, эң алдынкы 10 өлкөнүн тизмесинде.
© 2017 Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун расмий сайты. Бардык укуктар корголгон 2018